Кызыл-Кыяда экстремистик уюмдун желегин мектепке таштап кеткен кыздар кармалды

0
782

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жарандар, үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы  орто мектептин  дубалдарына “Разрушай то что разрушает тебя”, “Ваше камера ничего не решает” жана “Ради Аллаха не ставьте музыку” деген жазууларды калтырып, ошондой эле өздөрүн «ИГИЛ» Ислам мамлекети деп атап алган жана Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдун желеги катары колдонгон кара түстөгү желекти таштап кеткен.

Мындан улам милиция окуя болгон аймакта жүрүм-туруму шек жараткан жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүп, натыйжада окуяга тиешеси бар Кызыл-Кыя шаарынын 17-18 жаштагы төрт кыз аныкталган. Тинтүү учурунда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремистик жана террористик уюмга таандык китептер табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  332-беренеси(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу,)  боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here