Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

0
1288

Бул туралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Милицияга арыз менен Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 2023-жылдын 16-февраль күнү белгисиз адам өзүн «Баткен облустук ички иштер башкармалыгында иштеймин»- деп Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургунун алдап, анын Өзбекстан Республикасынын жараны болгон таанышына, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып беремин деп, 40 000 (кырк мин) сом акчасын алып, эч кандай жарандыкты алып бербестен же акчаны кайтарып бербестен, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Баткен ОИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Р. кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармочу жайына кыргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here