Баткендик студент эл аралык ойлоп табуучулар форумуна барды

0
854

Орусиянын Великий Новгород шаарында өткөн эл аралык ойлоп табуучулардын форумуна Кыргызстандын атынан Баткен мамлекеттик университетинин командасы катышты. Бул тууралуу Салам Медиага катышуучулардын бири Эрнист Айдарали уулу айтып берди. 

Айдарали уулунун айтымында, бул иш чарага команда эки ай аралыгында даярдык көргөн. Форумга Айдарали уулу жана бизнес инкубатордун башкы адиси Шержан Абдыкалык уулу катышкан.

Форумда Кыргызстан абадан суу топтоочу жабдык жана суу астында жүрүүчү дронду презентациялады. 

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here