Баткенде мурда соттолгон жаран акча уурдоого шектелип кармалды

0
733

Бул тууралуу облусттук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунун эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы тургуну Лейлектин Андархам  айылынын 42 жаштагы тургунунун банктык картасына бузуу жолу менен кирип, 43 миң сомго жакын акчасын которуп алган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан Алай районунан аныкталып, 25 мартта кармалып алынып келинди.

Бул факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 

“Маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же карта  боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо”- беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here