Өзгөндө 1млн м3 жер көчкү түштү

0
424

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн. 

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен билдиришкендей, кырсык 22-мартта таңкы саат 05:00дө орун алган. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралык калган.

Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМ тарабынан кооптуу деп табылган, 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here