Муфтият “12 жаштагы баланын сабалышы диний объектиде болгон эмес” деп билдирүү таратты

0
1173

Билдирүүдө муфтият медреседе сабалды делген баланын окуясы боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, бала сабалды делген Ош облусунун Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе, муфтияттын карамагында жок.

«Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош облусундагы Рауза атындагы медреседе 12 жаштагы бала сабалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бала денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган.

Ал эми Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди-деп белгиленет маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө бул окуя боюнча эки өспүрүмдө кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок жаш балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.
Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине айып пул салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here