Баткен шаарында 281 адамдан мите курт оорулары аныкталган

0
1555

Баткен шаарында 2022-жыл ичинде мите курт оорусунун лямблиоз түрүн 227, аскаридоз түрүн 54 жаран жуктурган. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык борбордун дарыгерлери Баткен шаардык мэриясында өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде билдирди.

Адистердин айтымында мите курт ооруларынын бирден бир себеби таза эмес сууну пайдалануу.

Белгилей кетсек ич келте, дизентерия, вирустук гепатит “А” жана мите оорулары — калктын ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүнүн жоктугунун кесепети деп айтылып келет.

Санэпидкөзөмөлдүн маалыматы боюнча Баткен шаарынын калкынын 79%ы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Калган 21% жашоочулар сууну ташып келүү жолу менен пайдаланышат. Жашоочулар ичүүчү таза-суу сааты менен чыккандыктан, сууну атайын идиштерде, кудуктарда сактап колдонушат.

Аталган мекеме тарабынан 2021-2022-жылдар ичинде пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ичүүчү таза суудан ичеги карын ооруларын козгоочу таякчалар табылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here