“Анадолу” агенттигинин маалыматына таянсак, бул жолу катталган жер титирөөдөн 6 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 562ге жетти. Алардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда/
Жер титирөө 20-февраль кечинде Түркиянын Хатай провинциясында болуп, күчү 6,4 жана 5,8 баллга чейин сезилген. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө эки ирет катталган.
Кырсыктын кесепетинен 42 миң 310 адам көз жумуп, 110 миң киши жабыркады.
Болуп өткөн жер титирөөдөн болжол менен 1,5 млн адам үйсүз калганы маалымдалды. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттеринин маалыматында алар үчүн кеминде 500 миң жаңы үй курулушу керек.