Москвада кыргыз тилин даңазалаган иш чаралар өттү

0
831

Эл аралык эне тил күнүнө карата Орусиядагы кыргыз элчилиги тарабынан расмий иш чаралар менен катар маданий, спорттук программалар уюштурулуп, ага мектеп окуучуларынан тарта, улуу муундун өкүлдөрү да катышууда. Алыстагы мекендештердин эне-тилин даңазалаган иш чарасы тууралуу Москвадан кабарчыбыз Нуржамал Таабалдиева билдирди.

Бул күндүн урматына элчилик ,,Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун” аталышындагы флешмоб уюштурган.

Ал эми кыргыз диаспорасы уюштурган иш чарада “Москва кайрыктары” клубунун мүчөлөрү кыргыз тилинин улуулугу, ыйыктыгы тууралуу ырларын окуп, концерттик программа тартууланды.

Мындан сырткары, Москва шаарындагы окуу борборунда кыргыз тилинде окуп жаткан окуучулар арасында “Келгиле кыргызча сүйлөйлү” ачык сабагы уюштурулду. Аны менен катар, “ Ата-мекен кыргыз тил — кадырына жете бил,, аттуу мекен сакчылары менен биргеликте улуттук оюндар эстафетасы өттү.

Максат, бул иш чаралар аркылуу биринчи кезекте алыста, бөтөн элде жүргөн жаш муунга, эне тилинин баалуулугун жеткирүү жана кыргыз тилин өнүктүрүү, дүйнө элине таанытуу дейт уюштуруучулар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here