Түркиянын Хатай шаарында кайрадан жер титирөө катталды

0
1441

20-февралдын кечинде Түркиянын Хатай провинциясында  күчү 6,4 жана 5,8 баллга чейин сезилген эки ирет жер силкинүүсү катталды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазууда.

Маалыматка караганда,  жер биринчи ирет Түркия убактысы боюнча саат 20:04тө , экинчи ирет 20:07де силкинген.

Түркия басылмалары вице-президент Вуат Октайга таянып жер титирөөдөн  сегиз киши жаракат алганын жазса, “Анадолу» агенттиги зилзаладан  үч киши курман болгонун жазды.

Табийгат кырсык  коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израил өлкөлөрүндө сезилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here