Соңку аптада Баткенде 37 мас айдоочу аныкталды

0
231

Баткенде бир жума аралыгында  949 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү документтери жок автоунаа башкарган -32 айдоочу, мас абалында авто таранспорт каражатын башкарган -37, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган — 151, мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган бир айдоочу аныкталып, башка жол эрежелерин бузган 729 факты катталган. 

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 134 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here