«Ош-Баткен-Раззаков» унаа жолунда кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаа текшерүүгө алынып, анын жүк бөлүгүнөн жалпы салмагы 29 тоннага жакын эт азыктары табылган.
Жүк коштоочу документтеринде 14 тоннага чукулу гана көрсөтүлгөнү, калган 15 тонна этке эч кандай документтер жоктугу аныкталган.
Чогултулган материалдар Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек райондук башкармалыгына жөнөтүлүп, жүктүн ээсине 28 миң сом айып салынып, 165 291 сом салык өндүрүдү.