Кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда Баткен жөнүндө сөз болду

0
1632

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн 27-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө башчыларынын жетекчилиги астында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Анын ичинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа бар.

Бул күндөрү Кыргыз-өзбек бизнес-форуму да өттү. Ага эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлү катышты
Иш-чаранын алкагында 1 миллиард 670 миллион долларлык 84 эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда «бүгүнкү күндө биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя», — деп билдирди.

Ошондой эле, “учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу Сизге ыраазычылык билдирем. Бул мектептердин курулушу — биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили, муну Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары чоң ыраазылык менен кабыл алышты” — деди Садыр Жапаров.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here