Баткенде Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жер семирткич кармалды

0
911

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей бажычылар Баткен районунун Чек айылында кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаадан минералдык жер семирткич, аммиак селитрасы табылган.

Бажылык тариздөөнү тастыктаган жүккө таандык эч кандай документтери болгон эмес. Товардын жалпы салмагы 3 миң 250 килограммды, орточо базар баасы 123 миң 500 сомду түзөт.

Учурда Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here