Баткендик дарыгер уникалдуу операция жасады

0
11990

Бишкек шаарындагы Улуттук кардиохирургия жана органдарды трансплантациялоо институтунун базасында татаал операция жасалды. Аты аталган мекемеде эмгектенген, жогорку категориядагы кардиохирург Мамытбек Акылбеков жасады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой Ысык-Көл облусунун тургуну инфаркт болуп ооруканага түшкөн. Дарыгерлер ага чукул операция жасап, өмүрүн сактап калды. Бейтаптын жүрөгүнүн эң чоң тамыры жабылып калып, тромп пайда болгон.

Учурда бейтаптын абалы жакшырып, ооруканадан чыкты. Анын жүрөгүнүн жыйрылуу күчү өз калыбына келе баштады деп билдиришкен мекемеден.

Мындай учурлар сейрек кездешет, бул өтө кылдаттыкты жана кесипкөйлүктү талап кылат дейт, дарыгер Акылбеков.

Белгилей кетсек тажрыйбалуу кардиохирург Мамытбек Акылбеков Баткен районунун чек арадагы Үч-Дөбө айылында туулуп өскөн.

 

Бул макала Салам Медиа басылмасынын автордук менчиги болуп саналат. Макаланы сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана алыңыз же болбосо авторун белгилеңиз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here