Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн 400 үй курулат

0
909

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат. Бул аракет өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Памирдеги этникалык кыргыздарды тарыхый мекенине алып келүү үчүн жасалууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Курулуш иштерин май айында баштоо пландалууда. Үйлөр бардык ыңгайлуу шарттары менен курулат.

“Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү каражаттар бар.”- деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here