Көмүрдүн мүшөгү 350 сомдон сатылууда

0
761

Баткен шаарында көмүрдүн жогорку сапаттагы “БК” түрү 10 сомдон ал эми “БР” түрү 7,5 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Баткен облустук Мамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Облусттук монополияны жөнгө салуу агенттигинен билдиргендей кечээ 24 январда суук аба ырайына байланыштуу Баткен шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Адистер мониторингдин жыйынтыгында көмүрдүн баасы туруктуу деген тыянакка келишти.

Учурда шаарды «БК» маркасындагы көмүрдүн мүшөгү 400 сомдон, ал эми «БР» түрүндөгү көмүрдүн мүшөгү 350 сомдон сатылып жатканы маалым болду. Ал эми бир мүшөктөгү көмүрдүн салмагы 43-44 килограммды түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here