Кадамжай районунун Каражантак орто мектебинде милиция кызматкерлери коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушууда жаш өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчтүүнү жана алардын коопсуздугун сактоо, туура тарбия берүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.