Кечээ, 4-сентябрда саат 18:14тө Айдаркен шаарынын Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө болжол менен 5 жаштагы наристе ажатканага түшүп кетип, аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, ыкчам түрдө тарабынан куткаруу иштери жүргүзүлдү. Ажатканага түшүп кеткен наристеге дарыгерлер тарабынан ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп, учурда баланын абалы туруктуу, – деп жазылат маалыматта.