Ажылык сапарга каттоо башталды

0
763

2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт. Биринчи кезекте 2019-2022- жылдардан тарта электрондук кезекте турган жарандар каттоого алынат.

Ал үчүн алар 1000 АКШ долларын РСК банкына төлөп, төлөм кагазын жана каттоого тиешелүү кагаздарын жергиликтүү казыяттарга тапшырышы керек.

Ошондой эле жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөөрү айтылды.

Жарандар 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер катталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. Ошол эле учурда, 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөйт.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Буга чейин Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here