Фонограммага тыюу салган буйрук боюнча сурамжылоо жүрүүдө

0
922

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик иш-чараларда ырчылар жандуу үн менен ыр аткаруусу боюнча жарандарга сурамжылоо өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Министрлик интернет колдонуучуларына “фонограммага тыюу салынышына пикирлерин топтоодо.

Анда, фонограммага тойлордо дагы тыюу салынышы керекпи?, сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?, жандуу үн менен аткарууга пикириңиз?”- деген суроолорго жооп берип, активдүүлүктү көрсөтүүгө чыкырууда.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыккан.

Буйрукка ылайык, эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here