Баткенде контрабандалык жүктөр аныкталды

0
1381

Баткенде контрабандалык жүктөр аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар Раззаков — Баткен — Ош унаа жолунда бараткан унаадан Кытайда өндүрүлгөн 200 даана өлчөмүндө жер кыртыштын зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүүгө максатталган дарылар табылган. Товардын жалпы салмагы 1 тонна 100 кг түзгөн. Ошондой эле жүккө таандык бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here