Баткенде соңку аптада 515 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

0
948

Облусттук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү 9-январдан 15-январга чейин бир жума ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана  болтурбоо максатында иш алып  барып, Баткен облусу боюнча 514жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысын  аныктаган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын ичинен мас абалында автоунаа башкарган -3, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -7,  ылдамгынан ашырып айдаганы үчүн -64, башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн -439, терезесин мыйзамсыз караңгылатып айдаган-1 айдоочу аныкталып, убактылуу токтотуучу айып короого -11 автоунаа токтотулду.

Белгилей кетсек, ички иштер министлригинин маалыматында өлкө аймагында ушул жылдын 7-январынан 13-январга чейинки аралыкта 15 миң 373 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 754 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here