Кыргыз-тажик чек арасынын 63%ын түзгөн 625 чакырым чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы түзүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы 14-январда президент Садыр Жапаров Тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүндө белгилүү болгонун билдирди.
Сүйлөшүүдө өлкө башчылары учурдагы бардык маселени саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл экенин белгилеп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү боюнча пикирин айтышты.
Президенттер кыргыз-тажик мамилесинин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө болоорун белгилешти.