Чек арада курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам көрсөтүлдү

0
1735

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон Оштук жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон жардам көрсөтүлдү. Бул жардам президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондунан каржыланганын бүгүн аталган облустун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, беш жоокердин үй-бүлөсүнөн тышкары Баткенден эвакуация болуп, Ош шаарында жашап жаткан бир үй-бүлөгө да 20миң сомдон бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, сентябрь айындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 63 кыргызстандык курман болуп, 198 киши ар түрдүү жаракат алып жана 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан коопсуз аймакка чыгууга мажбур болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here