Баткендин тургундарына берилүүчү насыянын суммасы көбөйдү

0
2246

“Баткен облусу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражат 50 миллион сомдон 66 миллион сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

470 миллион сомдук долбоор баткендик ишкерлерге жана насыя сурап кайрылгандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында быйыл 31-майда бекитилген.
Анын алкагында насыя республикалык бюджеттен жана «РСК Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк» банктарынын каражатынан берилет.

Быйылкы жылга аталган үч банктын пайыздык үстөгүн каржылоого республикалык бюджеттен 50 миллион сом каралган, 9-декабрда өкмөттүн токтому менен бул сумма 66 миллион сомго көтөрүлдү.

Каржылоо Баткендин чек аралаш аймактарындагы айылдар боюнча жүргүзүлөт. Бөлүнгөн акчанын биринчи үч жылына үстөк пайыз кошулбайт, калган эки жылына 3% кошулат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here