Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Баткен шаарында садака кутучасын уурдоого шектелген жаран, унаа жуучу жайдан “Toyota Vios” үлгүсүндөгү автоунаа, дүкөндөн азык-түлүк жана 10миң сом тегерегинде акча уурдаган.
Жабырлануучулардын арызынын негизинде шектүү катары Баткен районунун Кара-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну жана Кара-Бак айылынын тургуну кармалды.
Уурдалган авто унаа милиция кызматкерлери тарабынан шаардын Жибек жолу көчөсүнүн батыш тарабындагы бактардын арасынан сүзүлгөн абалда табылды.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.