26-декабрь күнү Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган делегация Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жетекчилигиндеги делегация менен жолукту.
Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.Жолугушуу Лейлек районунун Борбордук айылында өттү. Ага КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана ТР Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.
Эки тараптуу жолугушууда, чек арага жакын жерлерде мыйзамсыз инженердик иштерди жүргүзбөө, эки тараптын күч структуралары биргеликте иш алып баруу ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо боюнча жана башка маселелер каралды.