Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу кыргызгидрометтин маалыматында,
26-28-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
26-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
30-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
31-декабрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
1-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот.