Учурда Баткен облусунда сасык тумоодон улам дарыгерлерге кайрылгандар көбөйүүдө. Баткен облусттук үй-бүлөлүк дарыгер борборунун дарыгери Акбермет Кошокованын маалыматында сасык тумоо боюнча баткен облусунда обал оор деп бааланууда.
Ал эми Баткен райондор аралык сан эпид көзөмөл борборунан билдиргенге караганда 3-декабрьдан 16-декабрьга чейин 3975 жаран сасык тумоодон улам медициналык жардам алууга кайрылган. Алардын 317си ооруканада даарыланып жатат. Алардын 1885и төрт жашка чейинки балдар болсо, 1078и беш жаштан 14 жашка чейинкилер.