ЖОЖдорго кышка кабыл алуунун биринчи этабы башталат

0
1615

Өлкөдө 26-декабрдан тарта жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун биринчи этабы башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, биринчи этап 31-декабрга чейин жүрөт.

Ал эми талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү 14:00дө аяктайт. Сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
Белгилей кетсек жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтына караганда республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү.

ЖРТны кыргыз тилинде 658, орус тилинде 602 катышуучу тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here