Баткенде дагы 4 мектепте ысык тамак бериле баштайт

0
1566

Жаңы жылдан тарта Баткен районундагы дагы төрт мектепте окуучуларга ысык тамак берүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн “Салам Медиага” райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Султанали Жолдошов билдирди. Бул Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашууда.

Аталган программа Кыргызстанда 2013-жылдан тарта иштеп, пилоттук долбоор катары бир канча мектептер тандалып алынган. Учурда район боюнча 53 мектептин 28инде окуучулар ысык тамак ичсе, дагы 22 мектепте шашке чай берилип жатат. Ошондой эле 2026- жылга чейин район аймагындагы бардык мектептерге ысык тамак киргизүү пландалууда.
Кыргызстанда мектептердеги тамак үчүн өлкө бюджетинен ар бир бала үчүн 7 сомдон бөлүнөт. Бирок алыскы аймак катары Баткенде бул акчага дагы 3 сом кошулуп, ар бир балага 10 сомдон туура келет. Бул каражат азык-түлүктүн кымбаттоосунан улам азыр ысык тамакка жетпейт. Ошол себептен айрым мектептерде ата-энелер ыктыярдуу каражат чогултуп, ага ун сатып алынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here