Лейлекте Тажикстандан спирт ичимдиктерин ташыган жарандар кармалды

0
2464

УКМКдан билдиргенге караганда, 18-декабрга караган түнү Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстанга спирт ичимдиктерин ташыган эки жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.

Жыйынтыгында бул жарандар жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Учурда чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here