БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун башка агенттиктери кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган баткендиктерди 170 тонна азык-түлүк менен камсыз кылат.
Ошондой эле БУУ ДАТПга Жапония өкмөтүнөн болжол менен 500 тонна азык-түлүк (буудай уну жана өсүмдүк майы) сатып алуу жана таратуу үчүн кошумча каржылоо бөлүндү. Бул Баткен облусундагы аялуу үй-бүлөлөргө декабрь жана январь айларында чакан жамааттык долбоорлорго катышуусу аркылуу таратылат. Бул тууралуу “Салам Медиага” бүгүн Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Буга чейин БУУнун аталган программасы 400 тонна азык-түлүктү эвакуацияланган адамдарга жардам берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүп берген. Мындан сырткары 230 тонна азык-түлүк ӨКМ жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жеткирилип, таратылган.