Баткен аркылуу миллиондогон сомдорду айланткан аткезчилер кармалды

0
1248

Баткенде  аткезчилик жасаган уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алар 23 жаштагы Баткен районунун  тургуну  жана 51 жаштагы Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургундары экени такталды.   

Жеке пайда көрүү максатын көздөгөн жарандар Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан  аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15 миң 40  даана “Левонекст”  аталышындагы медициналык дарыларды  алып чыгышкан. 

Алар Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Дарылардын жалпы суммасы 6 миллион 16 миң сомду түзөт. 

Бул факты боюнча  кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here