Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар бузулууда

0
1486

Облус борборундагы Апаз Жайнаков көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Буга чейин алардын ээлерине шаар бийлиги тарабынан бир катар эскертүүлөр берилгенине карабай талап аткарылган эмес. Баткен мэриясынан билдиришкенге караганда, шаар тургундары көп жерлерде кызыл сызыктан 3 метрден 5-6 метр аралыкка чейин чыгып, дубал менен коргонуна киргизип алган, же короо, бастырма сыяктуу курулуштарды салып алган.

Шаар бийлиги жакын арада Кызыл-Жол конушунун Муса Имаров жана Мыйзам ажы көчөлөрүндөгү ушундай мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор алынарын эскертүүдө. Буга чейин атайын комиссия аталган көчөлөрдөгү курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here