Баткенде биринчи жолу таш жол салынууда

0
1515

Баткендин Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Дөбө айылында пилоттук негиздеги алгачкы таш жол салынууда. Жол ушул эле райондун Жаңы-Жер айылындагы таш кесүүчү заводдон чыгарылган таштар менен курулуп жатат.  Жолдун узундугу 3 чакырым. Мындай уникалдуу жол облус аймагында биринчи жолу салынып жатат. Райондук бийликтин маалымат кызматы курулуш иштери аягына чыгарына аз калганын, бир күн мурда район акими Учкунбек Жоробаев тийешелүү жетекчилер менен кошо курулуш иштери менен таанышып келгенин билдирди.

Жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын N2 жол тейлөө мекемеси тарабынан каржыланып, курулуп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here