Кыргызстанда  гендердик зомбулукка каршы өнөктүк өтөт

0
381

25-ноябрдан тарта өлкөдө «Коркпо! Токтот! Жаша!» деген ураан астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Акциянын негизги максаты — коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Белгилей кетсек, 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here