Баткенде алты адам ботулизм илдетине кабылды

0
750

Ушул айда Баткен облусунда ботулизм боюнча эки учур катталып, алты адам оор абалда ооруканага түшкөн. Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун маалыматына караганда, алардын экөө азыр Кызыл-Кыя шаардык, төртөө Кадамжай райондук ооруканасында дарыланууда.

“19-ноябрдан бери 2 жаран ботулизм менен Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Оор абалда келген бейтаптардын  абалы учурда орто оор деп билдирди”, — аталган борбордун дарыгери Рахат Маджитова.

Дарыгер белгилегендей, Кадамжай районунун тургундары, жездеси менен кайниси 12-ноябрда  үй шартында даярдалган салат жешкен. Алардын күн сайын абалы начарлап, 19-ноябрда гана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына  оор абалда кайрылышкан. 

Ал эми 22-ноябрда Кадамжай районунда ботулизм ооруусу менен  оор абалда ооруканага түшкөн бала бакчанын төрт кызматкеринин абалы орто деп кошумчалады Рахат Маджитова.

Бала бакчанын кызматкерлери 21-ноябрда түшкү тамактануу учурунда бала бакчанын ашпозчусу алып келген үй шартында консервацияланган салатты чогуу жешкен. 

Дарыгерлер алардан ботулизм оорусун аныктаган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here