Футбол: Англия менен Ирандын командалары беттешет

0
328

Катардын Доха шаарында өтүп жаткан Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн Англия менен Ирандын командалары беттешет. Андан кийин Сенегал менен Нидерланддын командалары таймашат.

20-ноябрь күнү кечинде Катардагы «Эль-Байт» стадионунда турнирдин ачылыш аземи өттү. Мелдеш 20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулат.

Маалым болгондой, биринчи таймашта Катар жана Эквадордун курама командалары беттешип, катардыктар 0:2 эсебинде жеңилди. Бул дүйнө чемпионатынын ачылыш матчында кабыл алуучу өлкө турнирден утулган тарыхтагы алгачкы учур. Турнир классикалык система боюнча өтүп жатат: 32 команда сегиз тайпага бөлүнгөн, плей-оффко тайпадагы алдыңкы эки топ чыгат. Финал 18-декабрда өтөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын Дүйнө чемпионаты өтүп жаткан мезгили менен эле эмес, өтүп жаткан жери менен да айырмаланат. Чемпионат биринчи жолу мусулмандар басымдуулук кылган араб өлкөсүндө өтүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here