Кулунду: 2 миллион сомдук гуманитардык жардамдын чуусу

0
794

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн айрым тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Интербилим- Ош» коомдук уюмунун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Анда Боркош Мавлянов аттуу тургун айылдык кеңештин депутаттары мыйзам чегинде иштебей, гуманитардык жардам иретинде келген 2 миллион сом акчаны өз кызыкчылыктары үчүн колдонгонун айтат: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич сиздерге кайрылуубуздун себеби, биздин депутаттар элге келген гуманитардык жардамды өз башымчалык менен, өз кызыкчылыгына колдонуп жатат. 2 миллион акча келген экен элге деп, аны да өз кызыкчылыгы үчүн Камаз алып, иштетип жатат. Баткен облусунда мыйзам деген нерсенин жыты да жок. Урматтуу Курманкул Зулушев, сизда ушуну карап берсеңиз. Сиздерден биз жалпы Кулунду айыл өкмөтүнүн эли суранабыз, булар гуманитардык жардамдарды дайыма өз кызыкчылыктарына колдонуп келет. 100 тонна цемент, 100 куб жыгач келген, аны да өз пайдасына бирөөлөргө алып барып сатып бер дегенине күбөлөр да бар. Бул боюнча прокуратурага да кайрылганбыз.”

Мындан сырткары кайрылуу жасагандар элге бөлүнгөн акчанын тегиз бөлүнүп берилбегенин да айтышкан.

Ал эми Кулунду айылдык кеңешинин төрөгасы Шайырбек Орозалиев кайрылуудагы дооматтар боюнча “Салам медиага” буларды билдирди: “2022-жылы 14-17- сентябрь окуясынан кийин, Рустам Жапаров келип 2 млн сом акча берип кеткен. 2 млн сомду күйүүчү май иштетесиңер деп берген эле, бирок кийин күйүүчү май менен ӨКМ камсыздай турган болгондуктан, ал акчага жүк ташыган унаа ала турган болгонбуз. Бул боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын балдары Рустам Жапаров менен сүйлөшүп, бизге техника керек болуп жатат, күйгөн үйлөргө топурак, таш ташыйт деп уруксатын алган. Анан депутаттык комиссиянын көзөмөлүндө эки Камаз алдык. Бирин 750 миң сомго, экинчисин 960 миң сомго сатып алганбыз. Бул боюнча элге маалымат берилген. Азыр эми бул кайрылууну 3-4 адам эле уюштуруп жатат. Алар 2 миллион сомдун четинен бизге чыгарып бересиңер деп келгенде, укпай койсок ушундай кадамга барыптыр”.

Айылдык кеңештин төрагасы Шайырбек Орозалиев бул кайрылууну курулай каралоо деп баалап, бул боюнча прокуратурага кайрыларын билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here