15-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу тууралуу токтомунун аткарылышы боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын укту.
Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун маалыматында, программа мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга, чек араны бекемдөөгө, чек арага жакын аймактардын көйгөйлөрүн чечүүгө, калктын жашоо шартын жакшыртууга зарыл болгон шарттарды түзүүгө багытталган.
Ал белгилегендей, 2021-жылга 100 миллион сом каралып, анын 88,5 миллион сому бөлүнгөн. Ал эми 2022-жылга 150 миллион сом, 2023-жылга 200 миллион сом, 2024-жана 2025-жылга 250 миллион сом каралган.
Талкуу маалында депутаттар көптөгөн айылдар чек ара аймактарынын тизмесине кирбей калганын белгилешти. Чоро Сейитовдун айтымында, учурда өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок киргизилген.