Баткенде эки үйдүн гана курулушу аяктоодо

0
702

Баткендин чек ара аймактарында Тажикстандын кол салуусунан жараксыз абалга келген 423 үйдүн ичинен эки үйдүн гана курулушу аяктап, учурда чатыры жабылууда. Алардын бири Баткен районунун Ак-Сай айылында болсо, дагы бири Баткен шаарында. Бул тууралуу президенттин чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы талкууда маалым болгондой, бүгүнкү күндө облус аймагында 409 объектиде курулуш иштери жүрүп, 150 үйдүн пайдубалы бүткөрүлүп, 55 объектинин пайдубалы, 21 үйдүн дубалы тургузулуп жатат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында сентябрь айындагы кандуу окуядан соң жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, облус аймагында жалпы 661 үй жабыркаганы аныкталган. Анын ичинен 423 үй жашоого таптакыр жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык объект, бир көпүрө жабыркаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here