Баткен шаарында быйыл жаш өспүрүмдөр катышкан үч зомбулук фактысы катталган. Алардын экөө жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык зомбулук болсо, бирөө эркек балага карата ээнбаштык фактысы болуп саналат.
Бул тууралуу 14-ноябрда Баткен шаарында өткөн үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу комитети менен окуучулардын жолугушуусунда айтылды.
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Абдигапар Садировдун айтымында, окуучу кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн жаран соттун чечими менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчи факты боюнча тергөө иштери уланууда.
Аталган жолугушуу шаардагы Жомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларынын катышуусунда уюштурулду.
Иш чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу. Бул багытта иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу дейт уюштуруучулар.
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча комитети (ҮЗАК) “Аялдар Демократиялык тармагы” коомдук фондунун колдоосу менен өлкөнүн бардык аймагында түзүлгөн.
Баткен шаарындагы аталган комитет зордук-зомбулуктун алдын алуу, көйгөйдү жеңилдетүү багытында комплекстүү иш алып баруу үчүн, тийиштүү бардык тармактардагы адистерден куралган.
Жергиликтүү милиция бул багытта коомчулук түшүндүрүү иштерине муктаж экенин белгилейт.
Белгилей кетсек, ҮЗАК комитетинин мүчөлөрү зомбулукка кабылган жарандарга маалыматтык, психологиялык жана юридикалык колдоо көрсөтүшөт. Алардын жашоо турмушун чектеген тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет.