Баткен шаарынын мэриясы тургундарга тоннасы 7 миң сомдон сатылуучу көмүр кампасын уюштуруп, мындан сырткары кварталдарга көчмө көмүр базаларын уюштурду. Мэрия уюштурган кампада Сүлүктү көмүрүнүн майдараак түрү сатылып жатат. Бул аракет кыш айлары аяктаганга чейин уланат.
Буга чейин Баткен райондук акимчилиги да ушундай көмүр кампаларын ачып, Баткендин Дара айыл аймагынан чыгарылып жаткан Ормузандын көмүрүнүн тоннасы 5 миң сомдон сатылып жатканы кабарланган.