Баткен облусунун экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган “Теке секирик” долбоорун ишке ашыруу аракеттери кийинки жылдын жаз айларында башталары күтүлүүдө. Аталган долбоор үчүн 30 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында белгилүү болду.
Жыйында Айыл-чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев баяндама жасап жатып 2023-жылдан тарта “Теке секирик” долбоорун ишке ашыруу аракеттери башталарын билдирди. ЖК депутаты Султанбай Айжигитов долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, тиешелүү дирекция түзүүнү тездетүүнү сунуштады.
“Теке секирик” долбоору 2006-жылы Баткендин ошол кездеги губернатору, Султанбай Айжигитов тарабынан сунушталган. 16 жылдан бери сөз болуп келе жаткан долбоор ишке ашса Баткен облусунда кеминде 50 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Долбоордун алкагында Баткен районунун аймагындагы Көк-Дарыяга суусактагыч жана ГЭС курулушу керек.