Швейцария Баткенге жардам берет

0
870

Швейцария өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусуна жардам катары 450 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бишкектеги элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул каражатка Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-аш жана азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтөт.

Быйыл сентябрь айында Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусунун аймагында жалпысынан 661 турак-жай жабыркап, анын 423ү жашоого таптакыр жараксыз болуп калган. Үй-жайсыз калгандар убактылуу баш калкалоочу жайларда, же жакындарынын үйлөрүндө күн кечирүүдө. Бийлик аларга кыш келгенче, 2 ай убакытта жаңы үй куруп берүүгө убада берген. Бирок жабыркаган жарандар учурда курулуш иштери өтө эле жай жүрүп жатканына кабатыр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here