Быйылкы он айда облус аймагында өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылышы боюнча 4 учур катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 учурга аз. Өткөн жылдын 10 айында балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 10 факт катталган. Мындан тышкары быйылкы он айда 4 өспүрүм өз өмүрүн кыюуга барган. Бул тууралуу бүгүн облустук администрацияда аялдардын жана балдардын укуктары, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган ырайымсыз мамилелер боюнча маселелер талкууланган жыйында айтылды. Жыйында тиешелүү адистер тарабынан облус аймагында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулук, алдын-алуу иштеринин абалы боюнча маалыматтар берилип, суроо-жооп жана талкуулар болду.
Облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Осмон Эркебаевдин айтымында, балдардын зомбулукка кабылуусунун башкы себеби — алардын кароосуз калганында. Аймакта миграция күч. Балдар туугандарынын, же кошунасынын кароосунда калып жатат.
Жыйында балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мектептерде класс жетекчилерди атайын окутуудан өткөрүп туруу, ошондой эле ата-энелер үчүн да окутуулар болушу абзелдиги, мындан тышкары коомчулук менен иштөө боюнча жамааттык билим берүүнү башкарууну жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу сунуштар айтылды.