Мамлекет башчы Садыр Жапаров буга байланыштуу өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Президент куттуктоосунда дүйнө ар тараптан өнүгүп жаткан маалда Кыргызстандын жаштары да улуттук кызыкчылыкты алдыга коюп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир максатты көздөп, ар тараптуу далалат кылып жатканын белгилеген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө жаштардын саны акыркы 10 жыл ичинде 6 пайызга азайган. Ал 1990-жылдардан кийин балдар аз төрөлө башташы менен байланыштырылууда. Быйылкы жыл башына карата өлкөдөгү 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын саны 1 миллион 593 миңди, тактап айтканда, жалпы калктын 24 пайызын түздү. Демек бул курактагы жаштар жалпы калктын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түзөт.
10-ноябрь дүйнө жүзүндө 1945-жылдан тарта эл аралык жаштар күнү катары белгиленип келет. 2002-жылы кыргыз өкмөтү 10-ноябрды өлкөдө “Жаштар күнү” деп жыл сайын белгилөөнү бекиткен.