Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандан Анкарага окууга барган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктаганы тууралуу диплом менен сертификат тапшырды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришкенге караганда, лейтенант Анкарадагы Полиция Академиясынын магистратурасында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алды. Ал муну менен катар “Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланып, окуудагы жетишкендиктери менен эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөтө алган. Диплом тапшыруу аземи Анкарадагы президенттик резиденцияда өткөн.
Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен районунда туулган. Ал Түркияга окууга кеткенге чейин Баткен райондук милициясында балдар менен иштөө боюнча инспектор болуп иштеген.